Уюштуруучулар буга жергиликтүү бийликти айыпташууда. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму маалымдагандай, адам укуктарына арналган тасмалар бүгүн саат он бирде Нарын шаарындагы “Соң-Көл” кинотеатрында көрсөтүлмөк. Алдын ала сүйлөшүлүп, ижара акысы төлөнгөнүнө карабай, “электр кубаты акы төлөнбөгөнү үчүн өчүрүлгөн” деген себеп менен фестиваль башталбай калды. Уюштуруучулар окуучуларга жана студенттерге кинокөрсөтүүнү Нарын мамлекеттик университетинин аудиториясына баштоого аргасыз болушкан. “Бирок ошондо дагы окуу жайдын проректорунун орун басары Майрам Акматалиева кинокөрсөтүүнү окуу процессине кийлигишүү деп эсептеп, үзгүлтүккө учуратты,” деп маалымдайт “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму.
Өткөн жумада Бишкекте өткөн “Бир дүйнө” кинофестивалында да кытайлык уйгур тектүү укук коргоочу Рабия Кадыр жөнүндөгү тасманы көрсөтүү да тоскоолдуктарга кабылган. (ZKo)
Өткөн жумада Бишкекте өткөн “Бир дүйнө” кинофестивалында да кытайлык уйгур тектүү укук коргоочу Рабия Кадыр жөнүндөгү тасманы көрсөтүү да тоскоолдуктарга кабылган. (ZKo)