1-октябрда Нарында губернатор Турдубек Мамбетов саясий партиялардын облустук координаторлорун кабыл алды. Ага чакырылган 29 саясий партиялардын он төртү катышты. Облустун шайлоого болгон даярдыгы, партияларды тартип бузбай, ынтымакка чакырган мындай маанидеги отурум үчүнчү жолу өтүшү. Анда партиялар бири бирин ынтымакка чакырып, үгүт иштерин мыйзам чегинде өткөрүүгө үндөштү. Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын катчысы Акылай Жапаралиева үгүт иштерин жаш балдар таратып жүргөнүн айтса, айрым партиянын өкүлдөрү шайлоого чакыруу баракчасын да өспүрүмдөр, окуучулар таратып жүргөнүн билдиришти. Т. Мамбетов админстративдик күч колдонулбай тургандыгын убада кылып, атайын түз байланыш телефондору иштеп жаткандыгын маалымдады. Жолугушууда андан сырткары үгүт иштери бүткөн соң шаарды тазалоо, ынтымакта болуу жөнүндө маселе көтөрүлдү. (JI)