Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Улуттар аралык диалог: ынтымак жана толеранттуулук” аттуу конференцияда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева июнь окуяларында деструктивдүү күчтөр аракет кылганын, кышка чейин ал окуялардан жабыркагандарды үй менен камсыз кылуу милдети турганын белгиледи. Парламенттик шайлоого чоң маани берилип жатканын белгилеген президент, экономикалык кылмыш жасагандарга маданияттуу түрдө уурдалган каражаттарды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү берилгенине карабастан, жарыяланган мунапыстан жыйынтык чыкпаганын билдирди. Ошондой эле өтүп жаткан конференциянын катышуучуларын өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн окуяларга бейтарап баа берүүгө чакырды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. ( (KKs)