Белорус президенти Александр Лукашенко россиялык компанияларды өлкөдөгү оппозициячыл партияларды каржылайт деп күнөөлөдү. Лукашенко жума күнү Минскиде россиялык журналисттер менен болгон кездешүүдө Москва Белорус оппозициясына телекөрсөтүүлөрдөн убакыт бербеши керек экенин айтып, Кремлди Белорустун ички саясатына кийлигишүүдө деп айыптады. Белоруста 19-декабрда президенттик шайлоо болот. 1994-жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко бул ирет төртүнчү жолу президенттикке ат салышат.