Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

АКШ өз букараларын Европада этият болууга чакырат


Ырасмий булактардын билдиришинче, Ак Үй америкалыктрды Европага сапарга барганда, ислам согушчандарынын кол салуу коркунучуна байланыштуу кыраакы жана этият болууга чакырган ырасмий эскертүү жасаганы жатат. Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули бу кабарга түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Бирок президент Обаманын кеңсеси АКШнын кызыкчылыгын “ал-Каиданын” коркунучунан коргоого көңүл буруп жатканын айтты. Жакында чалгындоо кызматтары Пакистанда жайгашкан ислам согушчандары кээ бир Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Британия, Франция жана Германияга бир маалда чабуул жасоого камданганын ырастаган маалыматтарды кармаган.

XS
SM
MD
LG