Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Палестиндердин аксакал саясатчылары М. Аббасты колдошту


Палестиндердин көрүнүктүү саясатчылары президент Махмуд Аббастын тынчтык сүйлөшүүлөрү Израил өкмөтү Батыш Иорданда жөөт конуштарын биротоло токтоткондо гана улантылат деген талабын колдошту. Мындай билдирүү Палестин боштондук уюму менен Аббас башындагы ФАТА кыймылынын ондогон көсөмдөрүнүн 2-октябрдагы кездешүүсүнүн соң жасалды. Бирок жыйынтыктоочу бүтүм Араб лигасынын келерки аптада Ливияда болчу саммитинде жасалары маалымдалды.

Ишемби күнү Израил премьери Бенямин Нетаняху тынчтык сүйлөшүү аркылуу гана жетишилет деп, палестиндерди диалогду улантууга чакырган. Нетаняху конуштарды кеңейтүүнүн чегингис тарапкери.

Жакынкы Чыгыштагы жагдайдын мындай нукта өнүгүүсү АКШнын Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүн сактап калуу аракетин дагы кыйындатат.

XS
SM
MD
LG