НАТО башындагы эл аралык күчтөр Ооганстанда дагы эки аскерин жоготту. Ырасмий маалыматка караганда, бир аскер жекшемби күнү таң эртең Ооганстандын түндүгүндө козголоңчулардын чабуулу учурунда окко учкан. Экинчи жоокер ишемби күнү өлкө түштүгүндө бомбага кабылып набыт болгон. Муну менен НАТО баштаган эл аралык күчтөр жыл башынан тарта Ооганстанда 553 аскеринен ажырады.