Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевдин жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкеринин бошотулушун талап кылган иш-чара Жогорку Кеңештин алдында 4-октябрь күнү өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын адвокаты Кайрат Загибаев тастыктады. Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевге жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерине 7-апрелде куралсыз элге каршы ок аткан деген айып тагылууда. (ES)