Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Видеоблогдо Медведев Беларуска кайрылды


Дмитрий Медведевдин интернеттеги видео блогу чыгаардын алдында, жергиликтүү маалымат каражаттары анда мамлекет башчысы Беларустун президенти Александр Лукашенконун «Орусияга каршы багытталган шайлоо өнөктүгүнө» кайрыла тургандыгын жазып чыгышты. Видеодо Медведев «шериктер мындай жүрүм-турумга жол бербейт» деп эскертет. Медведев Лукашенкого «андан көрө Беларустун ички маселелерине, анын ичинде көп кишилердин дайынсыз жоголушуна көңүл бурууга» кеңеш берет.

XS
SM
MD
LG