Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Бүгүнкүгө пландалган айдоочулардын пикети болбой калды


4-октябрга пландалган кичи автобустардын айдоочуларынын нааразычылык акциясы шайлоодон кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” нааразычылык акциясынын уюштуруучусу, “Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов билдирди. Анын айтымында, шайлоо алдында нааразычылык акцияларын, пикеттерди өткөрүү кооптуу болуп турат жана бул акцияны башка саясий күчтөр колдонуп кетүү коркунучу бар. Андыктан кичи автобустардын айдоочуларынын митингиси белгисиз мөөнөткө, шайлоодон кийинки убакытка жылдырылды.

Кичи автобус айдоочулары Бишкек шаар мэриясы алардан чогулткан айлык 1000 сом төлөмдү жокко чыгарууну, социалдык жактан корголушун талап кылышууда. К.Булатовдун айтымында, айдоочулардан акча чогулткан коррупциялык схемалар абдан көп. Андыктан бул тармакка ачыктык киргизүү аркылуу бюджетке кыйла пайда түшүрсө болот. (IJz)

XS
SM
MD
LG