Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Бүгүн президент тигүүчүлөр менен жолугушат


Бүгүн президент Роза Отунбаева Бажы мамлекеттик кызматынын имаратында Кыргызстандын кийим тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер менен жолугушмакчы. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Жолугушуу маалында тигүүчүлөрдүн көйгөйлөрү, аларга мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Бажы кызматынын алдында кыргызстандык тигүүчүлөрдүн мыкты продукциялары көргөзмөгө коюлат. Иш-чарага тигүүчүлөргө ыңгайлуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүп берүү, аларды көмүскө экономикадан чыгарууга багытталган мыйзам долбоорду даярдаган Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев да катышмакчы.

Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” билдиргендей, өлкөдө ушул тапта тигүүчүлүк тармагында 200 миңдин тегерегинде адам иштейт. Эгер аларга учурда алынып аткан салыктардын өлчөмүн азайтып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, болушунча ачык системанын негизинде иш жүргүзсө, анда тигүүчүлүк рыногу мындан да тез өнүгүп, мамлекетке чоң киреше алып келмек.

“Биздин министрлик учурда тигүүчүлүк менен алпурушкандардан алынган салыктарды төмөндөтүү, бул тармактагы ишкерлерди колдоо боюнча мыйзам долбоор даярдадык. Жакында биздин сунуш өкмөттө талкууланат. Булардан салыкты көп алуу керек деген саясат коррупцияны гана жаратууда. Биз ишкерлер менен ачык алака түзүшүбүз керек”,- дейт Э.Үмөталиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG