Европа парламенти Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салуу үчүн он кишиден турган делегация жөнөтөт. Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, алардын алтоо депутаттар, ал эми төртөө парламент аппаратынын кызматкерлери. Делегация Кыргызстанда 7-11-октябрь күндөрү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан 250дөн ашык эл аралык байкоочу катталганын буга чейин маалымдаган. (EBM)