Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

З. Рысалиев: Кыргызстанда он чакты опурталдуу аймак бар


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев шайлоо маалында коопсуздукту камсыз кылуу иштерине байланыштуу бүгүн маалымат берди. Ага ылайык, добуш берүү күнү коопсуздукту 7 миңдей милиция кызматкери камсыз кылат. Элдик кошуундун 13 миңге чукул мүчөсү тартылат. Мындан сырткары аларга мергенчилер, менчик күзөт агенттиктеринин өкүлдөрү жана айдоочулар бирикмелери жардамдашат.

З. Рысалиевдин айтымында, өлкөдө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган 10 чакты опурталдуу аймак бар. "Айрым партиянын өкүлдөрү добуштар эсептелип жатканда бюллетендерди уурдоо, же эптеп чатак чыгарууга аракет жасашы ыктымал. Ошондуктан мындай чөлкөмдөргө жыйырма-отуздан күзөтчү коюлат, шайлоо тилкелерине бөтөн адамдар таптакыр жолотулбайт", дейт З. Рысалиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG