Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Москванын мурдагы мэри саясий кыймыл түзөт


Юрий Лужков бул тууралуу кызматтан алынгандан кийинки алгачкы интервьюсунда билдирди. Лужков оппозициячыл маанайдагы
“Новая время” гезитинде жарыяланган маегинде белгилегендей, ал кызматтан алынышына байланыштуу Орусиянын сотуна кайрылбайт. Анткени, Лужковдун пикиринде, соттор Кремлдин гана буйругун аткарат. Мурдагы мэр Орусияда демократияны өнүктүрүүнү көздөгөн саясий кыймыл түзмөкчү. Орус президенти Дмитрий Медведев Юрий Лужковду өткөн жумада президенттин ишенимин жоготту деген жүйөө менен кызматтан алган. Ал “Новая газетадагы” интервьюсунда коррупция жөнүндөгү айыптарды четке какты.

XS
SM
MD
LG