Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Босниядагы шайлоодо мусулман жамаатынан байистүү саясатчы жеңишке жетишкендей


Босния – Герцеговинада президенттик кызматты үч адам биргелешип аркалайт. Кечээги шайлоонун толук эмес жыйынтыктарына караганда, өлкөдөгү мусулман жамаатынан жеңишке согуш учурундагы лидер Алия Изетбеговичтин баласы Бакир Изетбегович, хорват жамаатынан президенттик кеңештин азыркы мүчөсү Желько Комшич, серб жамаатынан да кеңештин азыркы мүчөсү Небойша Радманович жеңишке жетишкендей. Кечээги добуш берүү Боснияда 1992-95 –жылкы согуш аяктагандан берки алтынчы шайлоо болду. Бул саясий өнөктүк өлкө акыр аягында Евробиримдик менен НАТОго кирүүсү үчүн зарыл реформаларды жүргүзө алар-албасын аныктоочу шайлоо катары каралууда. Боснияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо чогуу өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG