Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

“Альфанын” мурунку командири үй камагына чыгарылды


Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев мындан бир саат мурун үй камагына чыгарылганын "Азаттыкка" "Күч структураларынын биримдиги" коомдук бирикмесинин жетекчиси Арстанбек Дунганов билдирди. Анын айтымында, мурунку мамлекеттик күзөт кызматынын камактагы кызматкерлерин бошотуу боюнча Жогорку Кеңештин ичинде сүйлөшүүлөр аяктады. "Азыр документтер даярдалып жатат, камактагылар 2-3 күндүн ичинде чыгат", дейт А. Дунганов. Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында жүздөн ашуун адам нааразылык акцияга чыгышкан. Алар кармалгандар бошотулмайынча, президент Роза Отунбаева менен жолукмайынча тарабай тургандыктарын билдиришкен.

Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири А. Жолдошалиев менен мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкери 7-апрелде куралсыз элге ок чыгарган деп айыпталып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG