Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Дыйкандар төө бурчактын баасына нааразы


3-октябрда Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын жүзгө жакын тургуну төө бурчакка болгон баага нааразылыгын билдиришти. Дыйкандар президент Роза Отунбаева Таласка иш сапары менен келгенде “төө бурчакты ортомчуларсыз, Түркиядагы баа менен алабыз” деген убадасы качан ишке ашарын сурашты. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бул маселени чечүү үчүн өкмөткө кат жолдоо керектигин айтышты. Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Анарбек Тургуналиевдин айтымында, азырынча төө бурчак сатып ала турган ири компаниялар Кыргызстанга келе элек. (UA)

XS
SM
MD
LG