Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Бүгүн Нобелдин физика боюнча лауреаты жарыяланат


Кечээ жасалма уруктандыруунун "атасы" Нобелдин медицина сыйлыгына татыган эле. Британиялык дарыгер Роберт Эдвардс миллиондогон тукумсуз түгөйлөргө наристелүү болууга мүмкүндүк берген техникасы үчүн 2010-жылдын Нобел сыйлыгын алды. Нобел комитетинин катчысы Горан Хансон бул тууралуу Стокгольмдо жарыя жасады:

- Каролинска институтундагы Нобел жыйыны бүгүн Медицина боюнча сыйлыкты түтүктөгү уруктандырууну ойлоп тапканы үчүн Роберт Эдвардска ыйгарууну чечти.

Эдвардс дагы бир кесиптеши, андан бери көзү өтүп кеткен Патрик Степто менен биргеликте ойлоп тапкан ыкма менен алгачкы ымыркай Британияда 1978-жылы жарык дүйнөгө келген жана андан бери төрт миллион бала төрөлгөн . Нобель сыйлыгынын ээси 1,5 миллион доллар акча, диплом жана алтын медаль алат.

XS
SM
MD
LG