НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен НАТО Ооганстанга жүк ташыган негизги жол жакын арада кайра ачылат деген үмүтүн билдирди. Ооганстанда турган НАТО аскерлеринин башкы жүк ташуучу жолун Пакистан өткөн аптада НАТОнун тик учмасы үч аскерин атып өлтүргөндөн кийин жаап салган эле. Расмуссен аскерлердин өлүмүнө өкүнүчүн билдирди. Анын аралыгында, Пакистанда НАТОнун кербенине кол салууда 20 жүк ташуучу машина өрттөлүп, үч киши окко учту.