Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Бүгүнтөн тарта 17-октябрга чейин Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө абалына өткөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү тартипти сактоого 7 миң милиция кызматкери жана 13 миң элдик кошуундун өкүлдөрү чыгышат. Андан тышкары Ички иштер министрлиги менен жеке менчик күзөт мекемелери ортосунда келишимдер түзүлдү. Ага ылайык күзөт мекемелеринен 2800 адам тартипти сактоо иштерине тартылмакчы. Алардын ичинен 2000 адам куралчан болот. Ушундай эле келишимдер мергенчилер менен да түзүлдү. Бишкектин тегерек-чекесинде Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата райондорунан тартылган 300 куралчан мергенчи атчан кайтарууга чыгышмакчы.

Ошондой эле З.Рысалиевдин айтымында, тартип сактоо жаатында Коргоо министрлиги, Каржы полициясы, Улуттук коопсуздук кызматы, Бажы кызматы да керектүү учурда даяр турмай болду. Зарылчылык болсо аталган күч структуралары 45 мүнөттөн эки саатка чейинки аралыктар куралчан бөлүктөрдү топтоого даяр турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG