Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Бир катар окуу жайлардын ректорлору дайындалды


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык өлкөдөгү жети жогорку окуу жайынын ректорлору дайындалды.

Ага ылайык Бишкек гуманитардык университетине Муканмедия Асанбеков, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Туратбек Дүйшөналиев, Ысык-Көл мамлекеттик университетине Курманбек Абдылдаев, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетине Төлөбек Абдрахманов, Дене-тарбия жана спорт академиясына Токтобек Иманалиев ректор болуп дайындалды. Ал эми Тургунбай Садыков Көркөм сүрөт академиясынын президенти болсо, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын Канатбек Керезбеков жетектемей болду. (IJz)

XS
SM
MD
LG