Брюсселде өтүп жаткан "Европа-Азия форумунда" эки өлкөнүн өкмөт башчылары – Вэн Цзябао менен Наото Кан - жолугушуп, Чыгыш Кытай деңизиндеги жаңжалдан улам келип чыккан проблемаларды жөндөөнү макулдашты. Тараптар жакынкы аралыкта сүйлөшүүлөрдү өткөрмөй болушту. Япон бийликтери Кытайдын аталган деңизде балык уулап жүргөн кемесинин капитанын камап салган соң Токио менен Пекиндин мамилелери кескин начарлап кеткен эле.