Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Таиланд соту орус ишкерине коюлган айыптарды алып салды


Орусиялык бизнесмен Виктор Бут акча "адалдаган" жана будамайлык кылган деген күнөө менен кармалып, камалган эле. Кылмыш соту ага коюлган бул күнөөлөрдүн жетерлик негизи жок деп тапты. АКШ бийликтери орус бизнесменин экстремисттик топторго, диктаторлук режимдерге, Түштүк Америкадагы, Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы араздашкан тараптарга мыйзамсыз курал-жарак саткан деп айыптап, аны Вашингтонго өткөрүп берүүнү талап кылган. Эгер ал АКШда күнөөлүү деп табылса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Орусия Виктор Буттун күнөөсү жок, аны АКШга өткөрүп берүү талабы саясий жүйөдөгү иш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG