Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Нарын шаарынын мэрин иштен кетирүү талабы коюлду


5-октябрда чогулган топ Нарын шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жээналиевди иштен кетирүү талабы менен шаардык мэрияга келишкен. Ал учурда Б. Жээналиев иш бөлмөсүндө эмес болчу. Чогулгандарды Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Ардак Көкөтаев кабыл алды. Ага чейин алар Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетовдун да кабыл алуусунда болуп, мэрди кызматтан кетирүү маселесин көтөрүшкөн. Чогулгандар Б. Жээналиев өз убагында менчиктештирип алган Нарын эт комбинаты талкаланып, жолду да бүтүрбөй жатканын айтышты. Нарын шаарынын мэри Б. Жээналиев мындай дооматтар менен макул болбой, 1 ай мурда гана шайланганын, иштөө үчүн мүмкүнчүлүк берилиши керектигин айтты.

Мэрди иштен кетирүү талабы менен чогулгандардын арасында Нарын шаарынын мурдагы башчысы Алмаз Кулматовду жумуштан кетирүү үчүн июнь айынын башында ачкачылык жарыялагандардын айрымдары да болду. (JI)

XS
SM
MD
LG