Бул тууралуу бүгүн түнү Казакстандын Алматы шаарынан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн мигранттардын бири Улан Маданбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр дагы үч автобус менен кыргызстандык мигранттар келатат деген маалымат бар. Түндө эки автобус менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн 130 мигрант Алматы шаарындагы “Кулагер” деген базарда соода кылышчу. Азыр алар Казакстан менен Кыргызстандын чегиндеги “Ак жол” өткөрмө бекетинин жанында, Алматыда калган балдарын, оокат-буюмдарын алып келүү үчүн кайра Казакстанга кире албай турушат. Кыргызстандын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги бул тууралуу аздан соң комментарий берилерин маалымдады. (EBM)