Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Алматыда журналист Г.Павлюктун өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экөө кармалды


Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Куаныш Жуманов шаршембиде билдирди. Өткөн жумада Алматы шаардык кылмышты иликтөө полициясы Алматы шаарынын ресторандарынын биринде журналистти өлтүрүүгө тиешеси бар делген эки адам кармалгандыгын билдирди. Казакстандын ИИМи кармалган адамдардын кимдиги жана жарандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Ибрагим Рустанбек деген адабий ысым менен таанылган журналист Геннадий Павлюк былтыр 16-декабрда Алматыда киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Журналисттин коллегалары жана оппозициялык саясатчылар Г.Павлюктун өлүмүн мурунку бийликтин саясий заказы катары баалап келген.

XS
SM
MD
LG