Кызматкерлерге бир кийген кийимин экинчи күнү кийбөөгө, тыкан, жупуну кийинип жүрүүгө кеңеш берилди. Жаңы кодекске ылайык, аялдар кыска этек, үстү өтө ачык көйнөк кийбеш керек, ал эми баалуу зергер буюмдарын күйөөдөгү аялдар гана тагынса ылайык. 5-октябрда бир журналистти ылайыксыз кийимчен деп өкмөттүк имаратка киргизбей коюшкан. Бирок президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Ханна Херман өкмөттүн кийим кодекси мезгилден артта калганын айтып, администрация аны аткарбай тургандыгын билдирди.