Оппозициянын мүчөсү Ермек Нарымбаев эки айга чукулдап калган ачарчылык акциясынан кийин саламаттыгы начарлап кеткендиктен, жумуш лагеринен түрмө ооруканасына которулду. 40 жаштагы Нарымбаев оппозициядагы Арман кыймылынын жетекчиси. Ал июн айында «полицияга каршылык көрсөткөн, сотту сыйлабайт» деген кине менен төрт жылга кесилген. Ал 1-майда «Назарбаев кетсин» деген президентке каршы акциянын мезгилинде камакка алынган эле. Нарымбаевдин аялы Зоя Нарымбаева "Азаттыкка" күйөөсү ооруканада да ачарчылыгын улантып, дары ичүүдөн баш тартып жатканын билдирди.