Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Укук коргоочулар “Ата Журттун” кеңсесине кол салууну айыпташты


Укук коргоочулар кеңеши “Ата Журт” партиясынын Бишкектеги кеңсесине кол салууну айыптаган билдирүү таратты. Анда бул окуя мыйзам бузуу катары бааланып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керектиги айтылган. "Адамдардын трагедиялуу өлүмү башка адамдардын укугун бузган аракеттерди жасоого жол бербейт жана мындай аракеттер маркумдардын жаркын элесине шек келтирет", деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ кечке маал "Мекен шейиттери" менен "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын жүзгө чукул мүчөсү "Ата Журттун" Бишкектеги кеңсесине кирип барып, партиянын үгүт барактарын, желегин терезеден сыртка ыргытышып, имарат алдында өрттөп салышкан. Буга аталган партиянын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудио-видео тасмада мурунку президент Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сөз болгону себеп болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG