Буга чейин Кыргызстандагы шайлоо процесстерине мынчалык көп сандагы эл аралык байкоочулар келбегенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Муну эл аралык коомчулуктун кызыгуусунун көрсөткүчү катары баалады. Анын айтымында, азыр шайлоону уюштуруп өткөрүү иштери өз нугу менен жүрүп жатат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт. (EBM)