Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Тажикстанда дагы 34 аскер набыт кетти


Тажикстандын Рашт өрөөнүндө кеминде 34 аскер адамы набыт болду. Расмий маалыматка ылайык, шаршембиде аскерий тик учак кулап түшүп, бери дегенде 28 аскер каза тапты. Бийлик техникалык себептен келип чыккан кырсык жөнүндө сөз кылса, атын атабаган булактар тик учак согушкерлер тарабынан атып түшүрүлгөнүн ырасташууда. Дагы 6 жоокер минага кабыл жан таслим болушту. Бир нечеси жараат алды. Куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлдөрү жарылуу капысынан болгон дешүүдө. Сентябрда Раштта аскерий кербенге кол салуу болуп, 26 аскер өлгөндөн кийин тажик өкмөтү куралдуу топторго каршы атайын операция баштаган.

XS
SM
MD
LG