Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

ЕККУ шайлоо даярдыгына оң баа берди


Уюмдун Демократиялык институттар жана адам укук тары кеңсесинин учурда Бишкекте жүргөн маалымат катчысы Женс Хаген Эшенбахер "Азаттыкка" 10-сентябрда башталган шайлоо өнөктүгүндө олуттуу кемчиликтер жок экендигин билдирди.

- Өнөктүк атаандаштык негизде, абдан жандуу өтүп жатат. Ири партиялар бүт өлкө боюнча жыйындарды өткөрүштү. Шайлоого катыша турган 29 партия эркин, өтө олдоксон окуяларсыз өнөктүк жүргүзө алышты.

Парламенттеги 120 орун үчүн ат салышкан партиялардын тизмесинин кеминде 30 пайызы аялдар, 15 пайызы улуттук азчылыктар болууга тийиш. Ушул жекшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда жарым-жартылай парламенттик система орномокчу. 2007, 2009-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эл аралык байкоочулар тарабынан эркин эмес, демократиялык талаптарга жооп берген жок деп бааланган. 10-октябрда добуш берүүгө 900гө чукул чет элдик байкоочу катышаары айтылууда. (JCH)

XS
SM
MD
LG