Түштүктөгү Караши шаарындагы сопулардын мазарында эки жанкечти өздөрүн жардырганда аз дегенде тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон адам жарадар экендиги кабарланууда. Абдулла Шах Газинин мазары жуманын адамдар эң көп чогулган күнү, динзарлар ал жактан чыгып жатканда жардырылды. Президент Асиф Али Зардары кечээки жардыруу үчүн Пакистанда экстремисттик түшүнүктү жана экстремисттик жүрүм-турумду орнотууну көздөгөн күчтөрдү күнөөлөдү. Пакистанда исламчык экстремисттер мазарларды жана мечиттерди тез-тез бомбалап турушат.