“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдоосуна караганда, бүгүн эрте менен Талас шаарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясына таандык плакаттарды белгисиз адамдар өрттөп кеткен. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Данияр Жаныкулов мындай иш “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери тарабынан жасалды деп шектенүүдө.
Ал эми “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү андай айыптоолорду четке кагууда. Маалыматтарга караганда, плакаттарды өрттөө фактысы боюнча маалыматтар тартип коргоо органдарына тапшырылды. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт. Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө 24 саат калганда үгүт өнөктүгү токтойт.