Кечээ Америка Кошмо Штатынын Кыргызстандагы элчилиги октябрь айындагы парламенттик шайлоого байланыштуу ар кыл күч колдонууларды сындаган билдирүүлөрүн массалык маалымат каражаттарына таратты. Бул туурасында элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Турат Макенбаев бүгүн «Азаттыкка» кабарлады. Билдирүүгө караганда, АКШ элчилиги шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Бишкектеги партиялардын кеңсесине болгон кол салууларга карата кооптонууларын билдирип, Кыргыз бийлигин бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүгө жана чагымчыларга тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Мындан сырткары билдирүүдө АКШнын Кыргызстанда стабилдүүлүктү колдоп, жарандарды тынч шайлоого үндөй тургандыгы жазылып, таза жана адилет шайлоолор Кыргызстандын демократиялык жолдо бара жатканынын көрсөткүчү болоору айтылган. (KKs)