Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акматкалык кызы бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарын каттоо аяктады. Натыйжада Орусия, Түркия, АКШ, Япония, Германия өңдүү кеминде эле 16 өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырмакчы. (KKs)