Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Нобелдин тынчтык сыйлыгын кытайлык диссидент утту


Бүгүн Ослодо бул тууралуу жарыялап жатып, Норвегиянын Нобель комитетинин президенти Торбьорн Жагланд: “Комитет Нобелдин 2010-жылдагы тынчтык сыйлыгын Кытайда көптөн бери адамдын фундаменталдык укуктарын зордук-зобунсуз коргоп келаткан Лиу Жяобого ыйгарууну туура көрдү”, - деди.
54 жаштагы белгилүү саясий активист Жяобо мамлекетке каршы жүргүзгөн ишмердиги үчүн былтыр декабрда 11 жылга түрмөгө кесилген. Маселен, ал нааразылык билдириш үчүн жыйындарга эркин чогулууну, сөз эркиндигин жана дин эркиндигин жактап келген.
Сыйлык 10-декабрда Ослодо тапшырылат. Жяобо өзү түрмөдө жаткандыктан, анын оордуна сыйлыкты ким алаары азырынча белгисиз. Кытай бийликтери “Навада 1,5 млн.долларлык сыйлыкты диссидент утуп калса, акча анын колуна тийбейт” деп эскертишкен эле.

XS
SM
MD
LG