Жибаонун эки күнгө созулчу сапарынын учурунда Кытай менен Түркия соода, телекоммуникация, энергетика, транспорт жана маданият боюнча жалпысынан 10 келишимге кол коюшат деп күтүлүүдө. Аналитиктердин айтымында, Кытай азыр экономикасы өсүп, Жакынкы Чыгышта саясий ролу өзгөчө жогорулай баштаган Түркия менен мамилени жакшыртканга кызыкдар.