Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

25-октябрда апрелдеги ок атуулар боюнча соттук иш башталат


Бул соттук иш Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда каралып, анда 7-апрелдеги массалык ок атуулардан улам кылмыш жоопкерчилигине тартылган 28 адамдын иши текшерүүдөн өтөт. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында кылмыш жообуна К.Бакиев, Ж.Бакиев, М.Бакиев, М.Суталинов, Д.Үсөнов, Н.Темирбаев, Д.Дунганов, Б.Калыев, Р.Байтоков, А.Ниязов, У.Камчибеков, С.Арбаев, М.Карикеев, М.Тентиев, Р.Мадраимов, Э.Сатыбалдиев, К.Жороев, О.Малеваная, Н.Турсункулов, С.Цигельников, К.Кадыров, О.Ребенок, М.Исаков, Т.Попов, Ж.Бабаибраимов, Т.Мамбетов, Эсенбай Байиш уулу жана А.Жолдошалиев тартылууда. 28 адамдын ичинен алтоо чет өлкөдө жүрсө, айрымдары убактылуу кармалып, кээ бирлери үй абагында отурушат. Булар туурасында президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (KKs)

XS
SM
MD
LG