Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовго аскердик генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Закир Тиленов чек ара кызматынын башчысы болуп апрель окуясынан кийин дайындалган. (ZKo)