Башкы прокуратура тарабынан ИИМ академиясынын курсанттары мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз добуш берген факты боюнча кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органы бул ишти эң кыска мөөнөттө -үч күндүн ичинде карамакчы.
БШКнын мүчөлөрү бүгүн бир нече саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берилген бюллетендер салынган конверттерди участкалык шайлоо комиссиясынан алышты. Конверттер жабык болгондуктан, ал жерде кайсы партияга добуш берилгени тууралуу маалымат жок. БШКдан маалымдашкандай конверттерди алуу учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү актыга кол коюудан баш тартышкан, буга байланыштуу документке БШК мүчөлөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү кол коюшкан.
ИИМ академиясынын курсанттары 7-октябрда мөөнөтүнөн мурда добуш беришкен. Айрым саясий партиялар мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоо мыйзамдарын бузуу менен өткөндүгүн, кээ бир шайлоочуларга паспорту жок болсо да добуш берүү кагазы берилгенин белгилеп, БШКга кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн саясий партиялардын дооматтарын тастыктап, мурда берилген добуштарды жокко чыгарган чечим кабыл алды.(ZKo)