Кечээ Норвегиядагы Нобель комитети быйылкы тынчтык сыйлыгын Кытайда түрмөдө жаткан диссидент Лиу Жяобого тапшыра турганын билдирген. Ошол эле күнү Норвегиянын Бейжиндеги элчиси Кытайдын тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Кытайдын өкмөтү комитеттин чечимине нааразылык билдирип, бул окуя эки өлкөнүн мамилесине терс тасир этет деп экскерткен. Ал арада АКШнын президенти Барак Обама Кытайдын жетекчилигин түрмөдөгү диссидентти тезирээк эркиндикке чыгарууга чакырды. Обаманын билдирүүсүндө айтылгандай, Кытайдын экономикасы өнүгүп жатканына карабай, саясий реформалардын жана адам укуктарынын абалы начар. Дал ушул реформаларга чакырып келген Лиу Жяобо былтыр 11 жылга түрмөгө кесилген эле.