Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Чилидеги кенчилер эмки жумада жарыкка чыгат


2 айдан ашуун 600 мерт тереңдикте камалган шахтерлор эмки жумада жарыкчылыкка чыга тургандыгын Чилинин президенти Себястьян Пинера жарыялады. Сан-Хоседеги шахтада 33 кенчи 5-августтан бери камалып отурат. Алар тышкы дүйнө менен видеокамера аркылуу байланышып, сырттан дары-дармек, эң зарыл тамак-аш кичинекей көзөнөк аркылуу киргизилет.

Эми диаметри 70 см. болгон көзөнөк аркылуу жер алдындагы кенчилер атайын калып менен бирден тышка ташылат. 15-20 мин. калып жер бетине көтөрүлөт, кенчилер болсо жарыкчылкка чыгаардан мурун атайын кара көз айнек кийишет. Кенчилерди куткаруу дүйнөдөгү өтө татаал операция катары бааланып, аны америкалык жана канадалык адистер НАСАнын жардамы аркылуу ишке ашырууда.

Кенчилердин туугандары шахтанын жанында чатырларда жакындарын күтүүдө.

XS
SM
MD
LG