Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:30

ИИМ: Коопсуздук көзөмөлдө


Шайлоо күнү өлкөнүн бардык аймактарында коомдук тартипке жалпысынан 7 миң милиция кызматкери көз салат. Аларга 13 миңге чукул элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшөт. Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын өкүлү Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” айтымында, ушул сааттарда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде милдеттерин аткарууда. “Кооптонууга негиз жок, оперативдүү кырдаал ички иштер органдарынын көзөмөлүндө”,-деди Р.Ахмедов. Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө максатында милиция 5-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG