Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Жалал-Абад: добуш берүү учурунда мыйзам бузуу катталды


Мындай учур Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Орто Азия айылында болгон. Маалыматка ылайык, бир адам бир партия үчүн алты бюллетен таштоого аракет кылган жеринин кармалды. Бул факт боюнча акт түзүлгөнүн партиялардын биринин өкүлү Тагайбек Казакбаев тастыктады. Ал эми Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясысынын төрагасы Бакыт Козуев шайлоочу бюллетендерди сыртка алып чыгып кетип бара жаткан жеринен кармалганын "Азаттыка" кабарлады.

Аймактык кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовдун айтымында, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы Крупская шайлоо жайында добуш берди. Ал эми облус губернатору Бектур Асанов Жалал-Абад шаарында добуш берип, шайлоонун тынч өтүшүн кааларын белгиледи. Ушул тапта Жалал-Абадда шайлоо тынч өтүп жатат. Шайлоочулардын активдүүлүгү жакшы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG