Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Мурдагы президент Курманбек Бакиев добуш берген жок


Бул тууралуу КирТАГ маалымат агенттиги жазып чыкты. Кыргызстандын Беларустагы консулдугунун өкүлү экс-президент консулдукта каттоодо жок болгондуктан шайлоочулардын тизмесине киргизилбегенин билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Беларустагы Кыргызстандын консулдугунда 58 кыргызстандык жаран катталган, Минск убактысы боюнча саат 11ге карай 8 шайлоочу добуш берген.

2005-жылы 10-июлда Кыргызстандын президенти болуп шайланган К. Бакиев 2009-жылы 23-июлда кайра дагы бир мөөнөткө шайланган. Үстүбүздөгү жылы апрель окуясынан кийин экс-президент Кыргызстандан Беларуска чыгып кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG