Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Сузактагы мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголду


Кылмыш иши Сузак районундагы Орто Азия шайлоо жайында жасалма бюллетен менен добуш берүү фактысы боюнча козголду. Бул тууралуу президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, буга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Майрам Сатыбалдиеванын аралашканы белгилүү болду. Эгер тергөө учурунда анын күнөөсү далилденсе, ал 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сузак районунун Орто Азия айылында бүгүн бир адам бир партия үчүн алты бюллетен таштоого аракет кылган жеринен кармалган эле. Бул факт боюнча акт түзүлгөнүн партиялардын биринин өкүлү Тагайбек Казакбаев "Азаттыкка" тастыктады. Ал эми Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясысынын төрагасы Бакыт Козуев шайлоочу бюллетендерди сыртка алып чыгып кетип бара жаткан жеринен кармалганын "Азаттыка" кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG