Улуттук коопсуздук кызматынын бүгүн тараткан маалыматына караганда, бир нече мергенчилик мылтык, Калашников автоманынын 7.62 калибрлүү 27 ок менен жабдылган ок чынжыры Бишкектин түндүгүндөгү Маевка айылында жол боюнан табылган. Сентябрь айынын аяк ченинде Аламүдүн районунун Байтик-Байгелди жолунун боюнан да 150 даана ок, 2 жардыргыч зат табылган. Табылган куралдардын үстүнөн баллистикалык экспертиза жүргүзүлүүдө, ал эми катылган куралдын ээлерин издөө иштери улантылып жатат.(ZKo)