Бүгүнкү добуш берүүгө көз салып турган байкоочулардын белгилөөсү боюнча, бул жолку шайлоодогу күтүүсүз чоң маселе - добуш берилген бюллетендер салынуучу үкөктөрдүн толуп калып жатышы болууда. Көпчүлүк шайлоо участокторунда үкөктөрдүн ичиндеги бюллетендерди башка бир кутуга салып, бошотуу аракеттери көрүлүп жатат. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова буга бардык саясий партиялардын макулдугу зарыл деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Бул боюнча БШКга кайрылганыбызда учурда ушул маселе каралып жаткандыгын, бир жагына чечилерин кабарлашты.
Жогорку Кеңешке жүрүп жаткан бүгүнкү шайлоого 29 саясий партия катышууда. Алардын баары тизмеленген добуш берүү бюллетенинин узундугу 72 сантиметрди түзөт.(ZKo)
Жогорку Кеңешке жүрүп жаткан бүгүнкү шайлоого 29 саясий партия катышууда. Алардын баары тизмеленген добуш берүү бюллетенинин узундугу 72 сантиметрди түзөт.(ZKo)