БШКнын маалыматына караганда, саат 18ге карай добуш бергендердин саны 42,5 пайызга жетти. Бул тизмеде катталган 2 852 751 шайлоочунун 1 212 334үн түзөт. Соңку маалыматка караганда, элдин добуш берүүгө катышуусу боюнча азырынча алдыда 44, 96 пайыз менен Талас облусу баратат. Эң артында 38, 88 пайыз менен Ош облусу келатат. (SM)